• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвадагы мигранттар арасындагы мушташта кармалгандардын 72си кыргыз жарандары — элчилик

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвадагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан чыр тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

2021-жылдын 10-июлунда кыргызстандык балдардын бычактан жаракат алып тез жардам каретасында ооруканага кетип бара жаткан сүрөтү жана видео материалдары социалдык тармактарда, анын ичинде «WhatsApp» мессенджери аркылуу таркатылып баштаган.

Бул окуя бильярд клубунда болуп, белгисиз адамдар Кыргызстандын 4 жаранын бычактап кетишкен.

Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү процесстик чечим кабыл алынат.

"Чыр-чатактын катышуучулары окуяны түшүндүрүп берүү үчүн элчиликке чакырылган. Ар кандай экцесстерди болтурбоо максатында жабырлануучулар Кыргызстандын жарандарына чагымчылдыкка алдырбоо, тынчтыкты сактоо жана Россиянын мыйзамдарын сактоо өтүнүчү менен кайрылышты", - деп айтылат маалыматта.

Бирок буга чейин айрым жарандар тарабынан ушул окуя боюнча таркатылган сүрөт жана видео материалдар учурдагы кырдаал жана социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды жайылтуу боюнча активдүү талкуулана баштаган.

Андан ары, социалдык тармактарда белгисиз топтор жана адамдар жарандарды Москвадагы Кузьминки метросунун аймагына чогулуп, аны менен кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык жаңжал чыгарууга үндөй баштаган.

Мигранттар арасындагы кагылышууну болтурбоо максатында бул тууралуу тез арада Москва шаарындагы Россиянын ИИМ ББ Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча борборго кабар берилген.

Көрүлгөн аракеттерге карабастан, түн ортосунда мигранттардын агрессивдүү топторунун ортосунда көрсөтүлгөн жерде катуу кагылышуу болуп, ага жалпысынан 180дей адам катышкан. Укук коргоо органдары тарабынан 103 адам кармалган, анын ичинен 72си Кыргызстандын жараны болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу КРнын кармалган жарандарына укуктук жана башка жактан колдоо көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө сапар алды.

Ошондой эле, РР аймагында чыр-чатактардын алдын алуу максатында элчилик тарабынан так эмес жана деструктивдүү маалыматтардын жайылбашы жөнүндө жарандар арасында активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий