• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Наристесин таштандыга ыргыткан аял саламаттыгына байланыштуу камактан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Наристесин таштанды чакасына ыргыткан делген аял саламаттыгына байланыштуу камактан бошотулду . Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Соттун маалыматына караганда, шектүү чет жакка кетпөө тил катынын негизинде камактан бошотулду. Учурда ал ооруканада дарыланууда.

Эске сала кетсек, 8-ноябрда болжол менен 23:30дар чамасында “102” кызматына белгисиз аял төрөп, ымыркайын Элебесов көчөсүндөгү таштанды чакага таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыктам тобу барып, таштанды чакадан ымыркайды табышкан.

Аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ымыркайдын энеси делип 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянсак, наристени таенеси багып алууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий