• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ниязбеков Баткендеги жабыркаган милициянын имараттарын калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткендеги жабыркаган милициянын имараттарын кайра калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорундагы айылдарды кыдырып, кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери менен жолукту.

Министр Баткен районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын жанына жаңы имарат салуу боюнча долбоорду карап чыкты. Аймактык милициясынын бөлүмчөсү жайгашкан имаратты Лейлек райондук милициясынын балансына алуу боюнча маселени карап чыгуу талабын койду.

Ниязбеков жаңы салына турган аймактык милициянын бөлүмчөсүн тез арада бүтүрүп, азыркы имаратты учур талабына жараша ондоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Иш сапарынын жүрүшүндө Улан Ниязбеков Максат айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү менен таанышып, аны да тез арада кайра калыбына келтирүүнү айтты.

Пикир

Оставить комментарий