• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө ички инвестор тарабынан тигүү цехи ачылып, жергиликтүү тургундар үчүн 50 жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин ачылыш аземине КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган тигүү цехинде кийим кече тигилет. Өндүрүлгөн продукция коңшу өлкөлөргө жана Россия Федерациясына экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий