• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокатта балдар аянты жана заманбап эс алуу жайы курулат. Эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Ноокат шаарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, шаар элинин жана конокторунун эс алуусуна жакшы шарттарды түзүү максатында Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы бир катар эскиздик жана жумушчу долбоорлорду иштеп чыкты.

Атап айтканда, Ноокат шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн араларына балдар ойноочу аянтчаларды, Н.Исанов атындагы эс алуу багын капиталдык оңдоп-түзөө аркылуу заманбап эс алуу багын жаратуу багытында эскиздик долбоорлор даярдалып, шаар мэриясынын кароосуна сунушталды.

Мындан сырткары, Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы 2024-жылы "имараттардын сырткы көрүнүштөрү жана жарнамаларды жайгаштыруу" бөлүмүн ачып, Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүндөгү имараттарды сырткы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорлору даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий