• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында метан куюучу жай ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы метан менен жүрүүчү автобустар үчүн курулуп жаткан метан куюучу жай ишке киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Май куюучу жай Сузак районунун Жалал-Абад шаары менен чектеш аймагына курулду. Мында бир учурда 8 автоунаага метан толтурууга шарт түзүлгөн.

Курулуш өзбекстандык инвесторлор тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар тарабынан тез арада ишке түшүрүү үчүн көмөк көрсөтүлдү.

Мэриянын муниципалдык автобазасынын жетекчиси Афтандил Максутов билдиргендей, метан менен жүргөн автобустар башка күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда дээрлик эсеге чейин аз каражат сарптайт.

Эске салсак, 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгына карата өлкө башчысы Садыр Жапаров 50 даана метан менен жүрүүчү автобус тапшырган. Ошондой эле республикалык бюджеттен жана шаар казынасынан бөлүнгөн акча каражатка 10 даана электробус да сатып алынган. Учурда шаарда жалпы 60 автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий