• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нооруз — 2022. Баткенде улуттук спорттун бир канча түрү боюнча мелдештер өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Баткен шаарындагы ипподромдо “Нооруз — 2022” турниринде көк бөрү оюнунан сырткары улуттук оюндардын бир канча түрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай,. бүгүн, 20-мартта, салбуурун, эр эңиш боюнча мелдештер өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар келишкен.

Белгилей кетсек, эртең, 21-мартта, Баткен шаарындагы ипподромдо көк бөрү оюнунун финалдык беттеши өтөт. Ал эми борбордук стадиондо классикалык кыргыз күрөшү болот.

"Турнирлер көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун оюндарынын маданиятын эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана өлкөнүн жети дубанына жайылтуу максатын көздөйт. Ошондой эле дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат. Баткенде улуттук ат оюндары 17-марттан тарта өтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий