• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боз үйлөр тигилип, спорттук оюндар менен коштолду. Нарында Нооруз майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Нооруз майрамы Нарында чоң майрамдык салтанат менен белгиленди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, майрамдык иш-чара бир күн мурда сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү менен башталды. Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта жасалгалуу боз үйлөр тигилип, улуттук каада-салтыбыздын, тамак-ашыбыздын үлгүлөрү көрсөтүлдү.

21-март күнү таң эрте Нарын шаарынын борбордук аянтында жана Чек ара аскер бөлүгүндө кайнатылган майрамдык сүмөлөк жетекчилердин жана кадырман карыялардын катышуусунда ачылып, жалпы журтка ооз тийгизилди.

Майрам шаңы борбордук аянтта театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолуп, Нооруз майрамынын маани-маңызы ачылып берилди.

Майрамдык иш-чарада президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Мадимаров, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садыркул Нурманбетов сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин арнашты.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. Түштөн кийин "Ала-Тоо" стадионунда улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий