• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новопавловка айылында 75,7 млн сомго жол курулат

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. "№40 жол-эксплуатациялык мекеме” мамлекеттик мекемеси Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо жаңы конушундагы узундугу 2,545 чакырымды түзгөн Э.Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, пландалган сумма 75 млн 771 миң 688 сомду түзөт. 1-мартта тендердик арыздарды берүүнүн мөөнөтү аяктайт.

Белгилей кетсек, күн мурун социалдык тармактарда бул участокто христиан көрүстөнү бар экендиги тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий