• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. Кечээ, 17-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий