• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши качан болору айтылды

Спорт 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен апрель айында беттеш өткөрүү үчүн келишимге кол койду. Бул тууралуу мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз билдиргенин ESPN басылмасы билдирди.

UFC уюмунун президенти Дэйна Уайттын айтымында, беттеш 18-апрелде Нью-Йорктогу "Barclays Center" аренасында өтөт. Тони Фергюсон азырынча келишимге кол кое элек, бирок беттеш өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирген.

"Тони көптөн бери беттеш өткөрүүнү айтып келген, ал татыктуу каршылаш. Хабиб, Тони, UFC жана күйөрмандар – баары бул беттешти каалап жаткан. Бул таймаш күйөрмандар үчүн", - деп жазам Абдель-Азиз.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 8-сентябрда Абу-Дабидеги UFC 242 турниринде америкалык Дастин Порьени жеңип, жеңил салмактагы чемпиондук курун сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий