• 88.68
  • 95
  • 0.95

Омар Султанов Швейцариянын президентине ишеним каттарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы элчиси Омар Султанов Швейцариянын президенти Ален Берсеге ишеним каттарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Швейцариянын президенти Кыргызстандын менен Швейцария ортосунда бекем байланыштар бар экенин, техникалык кызматташтык, узак мөөнөттүү өнөктөштүк жана Бреттон-Вудс институттарынын алкагында өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

"Ален Берсе менен болгон маекте Омар Султанов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу демилгеси жана тиешелүү өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык донор уюмдарга кайрылуусу тууралуу маалымат берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Швейцариянын президенти Ален Берсе жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң кызыгуу менен эки өлкөнүн бул жааттагы жалпы умтулууларын жана артыкчылыктарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий