• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 млн чабак кое берилди (видео)

Коом 0


Бишкек, 2.03.24. /Кабар/. Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сига-лудога балыгынын чабактары Балык чарба департаментинин "Тоң балык заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан кое берилди.

"Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий