• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

  • Ош шаарында – 2;
  • Ош облусунда – 2;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.

Пикир

Оставить комментарий