• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош мэриясы Кореянын KOICA агенттиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясында Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин программалык координаторлорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын, мекемелердин жетекчилери жана адистери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда келечектүү багыттар боюнча ишке ашырылып жаткан аталган агенттиктин долбоорлорунун бет ачары болуп өттү, анын ичинде айыл чарбаны колдоо, компьютердик билим берүү, социалдык камсыздоо, медайымдык иш, туризм, китепканачылык, жалпы менеджмент, инфраструктураны өнүктүрүү, коопсуздук жана башкалар кирет.

Жыйында айрым долбоорлорду ишке ашырууга арыздар түшкөн учурда маселени иликтөөгө тиешелүү адистер жөнөтүлүп, ар бир облустагы абал менен жеринде таанышып чыгары айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий