• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаратылыш ресурстары министри жумушчу сапары менен Ош облусуна барды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев жумушчу сапары менен Ош облусуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, алгач ал министрликтин Ош-Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын эмгек жамааты жана жаратылыш парктарынын жетекчилери менен жолугушуу ɵткɵрүп, кызматкерлер менен бирге кɵйгɵйлүү маселелерди талкуулап, аталган аймакта экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды кɵрүүнү тапшырды.

Министр Ош облусундагы жергиликтүү бийлик органдары жана ишканалар менен тыгыз кызматташуу маанилүү экенин баса белгилеп, коррупцияга каршы комплекстүү чараларды иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Мелис Тургунбаев түштүк борбордогу экоактивисттер менен жолугушуу ɵткɵрдү. Иш-чара алкагында экологиялык абал, тармактагы кɵйгɵйлɵр жана жетишкендиктер тууралуу сɵз болду.

Министрдин жумушчу сапары Ош облусундагы “ЮКСМ” жана “Синьжи-Пирим” ири цемент заводдорун кɵрүү менен аяктады. Мелис Тургунбаев аталган ишканаларга инспектордук кɵзɵмɵл максатында барып, ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий