• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облустук соту 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 10.02.22./Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Ош облусундагы жергиликтүү соттордун 2021-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси видеоконференция аркылуу болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун кылмыш иштер жана укук бузуулар боюнча төраганын орун басары Койчубек Жобонов, жарандык-экономикалык иштер боюнча орун басары Эльнара Мадмарова жана административдик иштер боюнча орун басары Алмазбек Абдугапаров 2021-жылдын ишмердүүлүгүн 2020-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаттык көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.

Анда Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан 2021-жыл ичинде жалпысынан 1670 жазык иши каралып, анын ичинде 309 иш даттанылган, 7917 соттук материал каралып 245 иш даттанылса, 706 жоруктар жөнүндө иштер каралып 88 иш даттанылгандыгы айтылды.

Мындан тышкары, 101 бузуулар жөнүндө иштер каралып бир дагы иш даттанылган эмес, 15 миң 302 жарандык иштер каралып 913 иш даттанылган, 709 административдик иш каралып 443 иш даттанылганы, ошондой эле 2021-жылда жалпысынан 26 миң 405 (2020-жылы 21 миң 825) иш каралгандыгы маалым болду. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 4 миң 580 ишке (20%) көп каралган. Анын ичинен 1 миң 998 (2020-жылы 1 миң 671 (7,6%)) башкача айтканда (7,4%) иш даттанылып, салыштырмалуу 0,2 %га аз даттанылганына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий