• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кадамжайда мал уурдоого шектелип төрт жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кадамжай районунда 26,4 миң сомдук малды уурдоого шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагынын 39 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну 15-январдан 16-январга караган түнү белгисиз жарандар анын мал сарайына кирип, эки баш кочкор менен бир баш койду уурдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен катталып, тергөө иштеринин натыйжасында жабырлануучуга жалпысынан 26 миң 400 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 30-январь күнү Ноокат районунун 31 жаштагы А.Р., 27 жаштагы А.Ф., 24 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Уурдалган малдар Уч-Коргон айылдык милиция кызматкерлери аркылуу табылып, өз ээсине кайтарылып берилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий