• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районундагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышты.

Өкүлчулүктөн билдиргендей, мындан тышкары, ал Нариман айыл өкмөтүндө курулушу жүрүп жаткан социалдык обьектилерди көрүп чыгып, курулуштун сапатына көңүл буруу зарыл экенин айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү райондук билим берүү башкармалыктардын башчылары менен жолугушуп, билим сапатын жогорулатуу, жаңы окуу жылында окуучуларга шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Берилген тапшырмалардын аткарылуусу Ош облусунун башчысынын жеке көзөмөлүндө.

Мындан сырткары, алайыл өкмөт башчыларына инвестиция тартуу, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө демөөрчүлөр менен иштешүү тапшырмасын берген. Анын алкагында Ош облусунун аймагында демөөрчүлөр менен биргеликте бир катар социалдык обьектилердин, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий