• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Балдарга карата зомбулук кылгандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну ( 89-берене) жана мунапысты колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Пикир

Оставить комментарий