• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык кеңешке кайра шайлоого 9 партия катышмай болду – тизме

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 9 саясий партия катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Ош аймактык шайлоо комиссиясында шайлоого талапкерлигин каттатууга 9 партия тиешелүү документтерди тапшырган. Алар:

- “Ата-Журт Кыргызстан”;

- “Ынтамак”;

- “Улуу Журт”;

- “Бир бол”;

- “Биздин Кыргызстан”;

- “Бүтүн Кыргызстан”;

- “Улуттар биримдиги”;

- “Келечек-Будущее”;

- “Нур”.

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий