• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында ипотекага турак-жай алуу тартибине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Эми Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары гана эмес, юридикалык жактар да ипотекалык турак жайды сатып алуучу боло алат.

Мындан тышкары:

- 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга) деп өзгөртүлдү. Буга чейин 65 жашка чейин деп белгиленген;

- акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай) жок болушу керек. Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;

- шаарда туруктуу жашоо жана тиешелүү каттоого туруу мөөнөтү 5 жылдан 3 жылга кыскартылды;

- үй-бүлөнүн бардык бойго жеткен мүчөлөрү үчүн муниципалдык ипотекалык программа боюнча турак жайды сатып алууга макулдук берүү зарылчылыгы алынып салынды;

- акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;

- катталган жарандардын арасында турак жайды бөлүштүрүү батирлерди чүчү кулак кармоонун негизинде жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет. Бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат.

Пикир

Оставить комментарий