• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.18 /Кабар/. Ош шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 9-октябрында болжол менен саат 05:40 чамасында Ош шаарынын Алымбеков көчөсү №5 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм тартылган.

Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, өрт саат 08:05те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий