• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын аймагында бир жумада 230 кылмыш иши катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында бир жумада 230 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган кылмыш ишинин басымдуу бөлүгүн ээнбаштык, уурулук жана алдамчылык түзөт.

Мындан тышкары, милициянын кайгуул кызматы тарабынан 1 миң 945 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн.

Анын ичинде:

- терезесин мыйзамсыз караңгылаткан - 13 унаа;
- мас абалында унаа башкарган - 24 жаран;
- тиешелүү документи жок 35 айдоочу кармалган.

Пикир

Оставить комментарий