• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМПУда өрт коопсуздугу боюнча практикалык машыгуу иштери өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде өрттүн алдын алууга жана аны өчүрүүгө багытталган окуу жана машыгуу иштери уюштурулду.

Окуу жайдан билдиришкендей, аталган иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ага аталган башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери, тез жардам дарыгерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана окуу жайдын жалпы окутуучулар, студенттери катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө чоң жыйындар залында атайын өрт чыгуу уюштурулуп, жалпы 1500 адамды имараттан эвакуациялоо иштери жүрдү. Ошондой эле имараттын ичинде калып калган адамдарды куткаруу иштери жүрүп, куткаруучулар эшик, терезе, чатыр аркылуу алып чыгуу жолдорун жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын практикалык түрдө аткарып, түшүндүрүп беришти.

Бул менен бирге жалпы катышуучуларга өрт чыккан учурда сактануу жолдору, алгачкы жардамдарды көрсөтүү, биринчи өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча бардык аракеттерди айкын айтып, көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий