• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы качкындар боюнча аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддердин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар качкындар жана башпаанек издегендер, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык кызматтарга бирдей укуктарды камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Качкындардын глобалдык форумунун алкагында кабыл алынган Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.

Министр Кыргызстан БУУга мүчө жана БУУнун Качкындардын статусу боюнча эл аралык конвенциясына кол койгон мамлекет катары качкындардын жана башпаанек издегендердин медициналык кызматтарга бирдей укуктарын таануу жана биздин өлкөнүн жарандары менен бирдей камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттенмелерди алганын белгиледи.

Ошентип, качкындар жана башпаанек издегендер үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, башкача айтканда, КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин каттоосунда турган качкындар медициналык тейлөөнүн негизги пакети менен камсыздалат.

Кыргызстан БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен 2003-жылы качкындарга медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча биринчи келишимдер түзүлгөндөн бери тыгыз кызматташып келет.

Учурда министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык, 81 мамлекеттик жана жеке менчик төрөт үйлөрүндө “Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санариптик медициналык күбөлүк” маалыматтык тутумун иштеп чыгып, ишке киргизген. Система Калкты каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган жана туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн негиз болуп саналат.

Ошондой эле, жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик каттоо менен 100 пайызга камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик акселераторлор» программасы ишке киргизилген.

Программанын алкагында КРнын СӨМ жана КРнын ЭСКММ менен биргеликте ата-энелердин жаңы төрөлгөн балдарын каттоодон өткөрбөй коюу фактыларын жоюу боюнча чараларды көрүү пландаштырылууда. Маалыматтын негизги булагы болуп туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөр жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү болот.

"Биз качкындар жана башпаанек издегендер туш болгон кыйынчылыктарды түшүнөбүз. Биздин өлкөдө качкындарга жана башпаанек издегендерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча БУУнун эл аралык конвенциясынын шарттарын сактоону улантабыз. Ал эми БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте мындан ары да жемиштүү иштейбиз деп ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий