• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бир катар соцдолбоорлор ишке ашырылат

Аймак 0

Бишкек, 15.06.23./Кабар/. Ош шаарында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылат. Бул тууралуу Оштун мэринин орун басары Замир Юсупов менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар «Кыргызстандагы социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун жүрүшү, анын ичинде «Социалдык келишим» жана «Жаштарды тажрыйбалаштыруу» курамдык бөлүктөрүн ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Вице-мэр Дүйнөлүк банк тарабынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана айыл чарба тармагында колдоого алынган долбоорлорду белгилеп, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана жалпы шаардыктардын атынан Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө өлкөнүн экономикасына, социалдык тармактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ош шаары боюнча быйылкы жылы аз камсыз болгон 16 жашка чейинки балдары бар 160 аз камсыз үй-бүлөгө 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлүп, алардын туруктуу киреше булагына ээ болуусу үчүн жеке ишкерликти баштоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарынын жыргалчылыгы үчүн долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык жана кызыкдар», - деди З. Юсупов.

Жолугушуунун алкагында шаарда программанын курамдык бөлүктөрүнүн ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Наргиз Туркебекованын айтымында, программанын алгачкы курамдык бөлүгү «Социалдык келишим» аз камыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарды берүүгө багытталган. Анын негизинде 3000 үй-бүлө Дүйнөлүк банктын эсебинен жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

«Жаштарды тажрыйбалаштыруу» курамдык бөлүгүнүн негизинде 3000ге жакын билими жок жаштар эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ээ болушуп, турмуштук көндүмдөрдү үйрөнүүгө тартылат. Андан соң алар аз көлөмдүү субсидия ала турган иш берүүчүлөргө 6 айлык тажрыйбалаштырууга жиберилет.

Ал эми үчүнчү курамдык бөлүк боюнча ар кайсыл аймактардагы бөлүмдөргө техникалык жактан жардам көрсөтүлүп, жаны модулдарды түзүү, автоматташтыруу жана маалыматтарды коргоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий