• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто экстремизм жана терроризмди алдын алууга багытталган семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. 5-10-сентябрь аралыгында Ош шаарында “Коомчулук арасында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” деген темада экстремизм жана терроризмди алдын алууга багытталган семинар өттү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа биримдигинин колдоосуу аркылуу Белгия, Грузия, Эстония өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттердин катышуусунда өттү..

Семинардын ишине Ош облустук милициясынын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда жана ал туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремимздин, радикализмдин алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатын көздөйт.

Семинарды өткөрүү учурунда эксперттер катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, аягында диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1 миңден ашык усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Жалпысынан аталган иш-чарага 150гө жакын милиция кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий