• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто эл аралык террористтик уюмдун тарапташы кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Ошто эл аралык террористтик уюмдун тарапташы ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелген 1994-жылы туулган Ош облусунун тургу Т.С.ны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ноокат райондук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан кармаган.

Кармалган жаран 2017-жылы Кыргызстандан Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен. Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Ал Кыргызстанда КР Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери менен соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп, эркиндикке чыккан.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет.

Жогорудагы факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий