• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ӨКМ кызматкерлери кесиптик майрамга карата сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар күнүнүн 32 жылдыгына жана өрт өчүрүүчүлөр күнүнүн 97 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев, ӨКМдин кызматкерлери катышты.

Замир Юсупов, өз өмүрүн тобокелге салып, адамдардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн арнаган куткаруучулардын өзгөчө эмгегин белгилеп, сыймыктуу кесип ээлерин майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги менен айырмаланган 43 кызматкер, анын катарында Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан 8 куткаруучу Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий