• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев Катардын элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин 2023-жылдын 6-7-июнунда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду.

Ошону менен бирге тараптар Катар эмиринин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм тармагындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.

Эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалап, министр Кулубаев элчи А.Аль-Сулайтиге бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий