• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №101 мектептин аймагын көрктөндүрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 05.07.23./Кабар/. Бишкектин Ак-Босого конушундагы №101 мектептин аймагын көрктөндүрүү пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов аталган конуштун жашоочулары жана мектеп администрациясы менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемесинин аймагын көрктөндүрүү, тактап айтканда, жолду асфальттоо, жашылдандыруу, жашыл жерлерди сугаруу маселеси талкууланып, коомдук транспорт маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында мектептин түштүк тарабындагы жолду асфальттоого кеткен чыгымды эсептеп, 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизүү, сугат үчүн жаңы скважинаны бургулоо мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, мектеп өткөн жылдын аягында пайдаланууга берилген, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 5022 чарчы метр, 3 блоктон турат жана 660 окуучуга ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий