• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23./Кабар/. Бүгүндөн тарта А. Масалиев көчөсүнүн Ы.Монуев (А.С.Макаренко атындагы мектеп) көчөсүнүн кесилишинен А.Навои (Келечек базары) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин 3-этабы башталганына байланыштуу төмөндөгү коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди:

- №6-шаардык муниципалдык автобустук каттамы Соколок-ОшТУ багыты боюнча Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А. Масалиев, ОшТУ ОшТУ-Соколок багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №10-шаардык муниципалдык автобустук каттамы №177-көчө-Төлөйкөн багыты боюнча А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков, А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү менен кайра кайтканда Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Шакиров көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №53-шаардык муниципалдык автобустук каттамы Мээркан-Паспорт стол багыты боюнча Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков менен кайра кайтканда Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров, В.Ленин, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №12 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы ДЭУ- ОшТУ багыты боюнча Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, Өзгөн көчөсү, Ы.Монуев, А.Шакиров, ОшТУ, кайра кайтканда А.Шакиров, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров, В.Ленин, А.Навои, Курманжан Датка көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №106 шаардык кичи автобусстук маршруттук каттамы ОшТУ-Кайырма багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков менен кайра кайтканда Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №109 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Озгур- Два Прораба багыты боюнча А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, А.Масалиев, кайра кайтканда Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №110 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Темур-Жийделик багыты боюнча Джумабаев, А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №112 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ак-Тилек- Озгур багыты боюнча А.Навои, Өзгөн көчөсү, Ы.Монуев, А.Шакиров көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №113 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Тээке-Борбордук базар багыты боюнча В.Ленин, А.Навои, А.Масалиев кайра кайтканда Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №124 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Төлөйкөн-Два-Прораба багыты боюнча Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков, кайра кайтканда Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №127 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ишкаван 222-223-квартал багыты боюнча А.Навои, Өзгөн көчөсү, Ы.Монуев, кайра кайтканда 222-223-квартал - Ишкаван багыты боюнча Алимжанов, Т.Турсунбаева, Артыков, И.Разаков, А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү менен жүрөт.

- №128 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Орке-Кадастр багыты боюнча Г.Айтиев, Курманжан Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү менен жүрөт.

- №136 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-тимур кичи шаарчасы Беш-Капа айылы багыты боюнча А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт.

- №137 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Тимур кичи шаарчасы Достук багыты боюнча А.Шакиров, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр, Ж.Раимбеков кайра кайтканда Курманжан Датка, А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Шакиров көчөлөлөрү менен жүрөт.

- №141 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Темур, Ж.Раимбеков багыты боюнча А.Шакиров, Ы.Монуев, Тилеке Баатыр көчөлөрү менен жүрөт.

- №146 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы ОшТУ- Рудаки мектеби багыты боюнча А.Шакиров, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү менен жүрөт.

- №149 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кыргыз-Чек, Ош ТУ багыты боюнча Ы.Монуев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков айлампасы аркылуу Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев, А.Шакиров, Н.Исанов көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №157 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Юго-Восток Жапалак багыты боюнча А.Масалиев, Р.Абдыкадыров, В.Ленин, А.Навои, Курманжан Датка көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №159 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Маданият МЖК багыты боюнча Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров менен кайра кайтканда Р.Абдыкадыров А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке Баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү аркылуу жүрөт.

- №160 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Мады айылынан У.Салива багыты боюнча Ы.Монуев, Тилеке Баатыр, А.Масалиев, У.Салиева, кайра кайтканда У.Салиева, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке Баатыр, Ы.Монуев көчөлөрү менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий