• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Пробация боюнча кеңештин отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Пробация боюнча кеңештин отуруму болуп өттү.

Отурумду Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы, Пробация боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Закиров Нурлан алып барды.

Күн тартибинде:

1. Пробациянын кардарларын кайрадан социалдаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча маселелер.
1.1 Пробация кардарлардын жашы жете элек балдарына жөлөк пулдарды алуу маселеси.
2. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы аркылуу пробация кардарларына медициналык жардам берүү маселеси.
3. Сот тарабынан коомдук жумуштарга тартылган жарандарды коомдук жумушка тартууда муниципалдык мекемелер тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу.
4. 2023-жылдын 2 кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объекттердин тизмесин бекитүү.

Жыйынтыгында пробациянын кардарларын кайрадан социалдаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга соц защита тарабынан көмөк көрстүлөөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий