• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жумуш издегендер үчүн бош орундар жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Ош шаарында жумуш издегендер үчүн “Жаш аракетчил” аталыштагы бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманкеде иш берүүчүлөр учурдагы бүтүрүүчүлөр, жумушсуз жаштар үчүн бош жумуш орундарын, стажировка, ыктыярчылык жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулашат. Ошондой эле окуу жайлардын жарманкеси өткөрүлөт жана каалоочулар үчүн кесиптик багыт боюнча адистердин кеңеши берилет.

Катышуучулар ишканалардын өкүлдөрү менен түз байланышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышат жана алар өндүргөн продукциялар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жарманке 29-апрелде, саат 09:00дө Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында башталат.

Бош орундар жарманкесин Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана “Аракетчил” жөндөмдүүлүк долбоору уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий