• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун Жапалак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктады. Бул тууралу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов курулушу жаңы бүткөн имарат таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, калаа башчысы үстүбүздөгү жылдын июль айында Жапалак айылынын тургундары менен жолугушкан. Анда жергиликтүү жашоочулар эски имараттын ордуна жаңы ФАПтын имаратын куруу боюнча кайрылышкан.

ФАПтын курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, үч ай ичинде толугу менен аягына чыкты.

Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологтун, терапевттин бөлмөлөрү, откана бар. Жакын арада имарат пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий