• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пайдалуу кеңеш: Туура кийинүү ыкмалары

Дүр дүйнө 0

“Адамдын көркү чүпүрөк”- деп коюшат эмеспи. Чындыгында, кийим кийүүнүн дагы белгиленген эрежелери бар. Топчуну бүчүлөө, галстукту туура тагынуу, шуру, сөйкөлөрдү туура тагуу ж.б. көптөгөн майда, бирок маанилүү учурларга көңүл буруу керек. Төмөнкү эрежелер айрыкча, жумуш берүүчү менен маектешүүгө бара жаткан адамдар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

1. Көйнөк же кофтада жогорку эки гана топчусун бүчүлөбөй коюуга болот.

2. Билерикти сөйкө менен, ал эми мончок же кулонду шакек менен айкалыштырууга болот. Бир образда 3 же 4 буюмдун болушу – бул аша чапкандык.

3. Галстуктун учу шымдын белине чейин жетип же аны бир аз жабып турса болот.

4. Же мини, же декольте. Бул экөөнүн бир кийимде болушу одоно көрүнөт.

5. Эгерде сиз көйнөктү пиджаксыз кийсеңиз, анда галстуктун кажети жок.

6. Кеңседе кийүүчү блузканын мойну акыректен 10 смден ашык эмес ачык болушу керек.

7. Эгерде көйнөктү шымдай турган болсоңуз, сөзсүз түрдө кур тагынууңуз керек.

8. Джинсы шым менен кыска кардигандын ортосунда ачык дене көрүнүп турбашы керек. Зарыл болгон учурда кардигандын ичинен топ кийүү керек.

9. Кур бут кийимдин түсүнө өңдөш болушу керек.

10. Кийимдеги бардык этикеткаларды алып таштоо керек.

11. Отурганда шымдын ичинен бутуңуз көрүнбөшү үчүн узун байпак кийиңиз.

12. Жеңи жок кеңсе блузкасы ийинди жабып турушу шарт. «Спагетти» лямкалар туура келбейт.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий