• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент даттанууларды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Парламент даттанууларды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк жана контролдук функцияларын ишке ашыруу, өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн, даттанууларды жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан жасалган айрым мыйзам бузууларга карата тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылган кырдаалдар жөнүндө каттарды жана маалыматтарды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачып жатат.

“Сиздердин каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайра байланышуу үчүн, катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Кайрылуулар үчүн электрондук почта: pravoporyadok7@gmail.com

Пикир

Оставить комментарий