• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент "Керемет Банктын" акцияларынын пакетин сатуу жөнүндө мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 31-январындагы жыйынында «КР министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат берди. Долбоордо министрлер кабинети «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 126 432 000 сом өлчөмүндөгү («Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банк» ААКсында баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы. Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банк» ААКсынын акцияларынын пакети Министрлер кабинетине өтүшү менен ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетинин "Керемет Банк" ААКтын акциясын сатып алууда каражат булактарын тактап, социалдык маселелерди чечүүгө каражат жок экенин баса белгиледи. «Эгерде банкты сатып алууга каражат болсо, социалдык маселелерди чечүүгө да каражат таба аласызбы?», - деп сурады Дастан Бекешев.

Депутат Дастанбек Жумабеков министрлер кабинети бүтүм чыгара албай жатканын белгилеп, «Керемет Банк» ААКны өткөрүп берүү маселесин тиешелүү токтомдун негизинде кароо зарыл экенин кошумчалады. Депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Жалолидин Нурбаев «Керемет Банктын» мындан аркы тагдыры тууралуу маселени көтөрүштү.

Депутаттар Улугбек Ормонов, Чыңгыз Айдарбеков, Бактыбек Сыдыков мыйзам долбоорунда сунушталган «Керемет Банк» ААКтын активдерин министрлер кабинетинин сатып алуу ченемдерине, баалоосуна, механизмдерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий