• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттик шайлоо: Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ жарандардын арасында коомду тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.

Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып, 2021-жылдын 11-ноябры, саат 08:00гө карата шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталган.

Алардын ичинен 19 факты Жазык кодексинин 192-беренесинде “Шайлоочуларды сатып алуу”, 182-беренесинде “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана 200-беренесинде “Уурдоо” көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 17 факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде “Майда бейбаштык”, 87-1-беренесинде “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, 94-беренесинде “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” жана 90-беренесинде “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” каралган жоруктардын белгилери менен катталган.

Мындан тышкары, маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.

Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий