• 88.68
  • 95
  • 0.95

Петришенко: Санкциялык сокку Россияга гана эмес, ЕАЭБди жок кылууга да багытталган

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө.

Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашууда. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерин козгоп, ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун карашууда.

Белорустун премьер-министри Игорь Петришенконун айтымында, эң татаал этап – бул ишканаларды түзүү.

“Санкциялар зыян гана эмес, союздаштар менен мамилени чыңдоого мүмкүнчүлүк. Санкциялар Россияга эле эмес, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө да сокку болуп жатат. Батыштын аракети да евразиялык интеграцияны жок кылууга багытталган. Импортту алмаштыруу саясаты бир катар кайталанган өндүрүштөрдү түзүүгө алып келгени баарыбызга маалым. Координацияланган иш кооперацияны тереңдетүүгө жана өндүрүштүн кайталанышын кыскартууга жардам берет. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларга катышууга болгон өз ара чектөөлөрдү алып салуу керек”, - деди Петришенко.

Пикир

Оставить комментарий