• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пономарев менен Мусуралиев бизнес-акыйкатчынын орун басарлары болуп дайындалышты

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын эки жаңы орун басары менен тааныштырды.

Абылгазиев бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында чогулгандарга Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смитти тааныштырды.

Андан тышкары, жаңыдан дайындалган эки орун басарды тааныштырды, алар - Сергей Пономарев менен Улан Мусуралиев.

"Бүгүн эки орун басар дайындалды, алар биздин жарандар", - деп билдирди өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий