• 88.68
  • 95
  • 0.95

Новосибирскидеги кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Новосибирск шаарындагы базарда чыккан жапырт мушташ боюнча укук коргоо органдары тарабынан Россиянын Жазык кодексинин 213-беренеси ("Бейбаштык") жана 163-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлиги Россиядагы өкүлчүлүктүн маалыматына таянып белдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге аталган кылмыш ишин ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

"Кароо жүргүзүү учурунда жакынкы жерлерде жайгашкан видеокамералардын видеолору, автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынуу менен кылмыш ишинин материалына бекитилген. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган", - деп айтылат маалыматта.

Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин коё берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды.

Азыркы учурда, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий