• 88.68
  • 95
  • 0.95

Премьер-министрдин м.а. Нарындагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.20./Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ат-Башы районундагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Асыл тукум чарбасында «Герофорд» породасындагы 500дөн ашуун бодо мал бар.

Фермага барган учурда мал чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары, жер ресурстарына байланыштуу маселелер дагы каралды.

Тармактык мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде бул чарбага колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий