• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент: Өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор

Президент 0


Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. “Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттик сыйлыктарга арзыган ардактуу замандаштар!

Оболу кирип келген Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Жаңы жылга жалпы тегиз кыргыз элин аман-эсен жеткирген Жаратканга шүгүр келтирип, эски жылда аткарылган иштерге ыраазы болуп, жаңы жылга коюлган жаңы максаттарыбыздын аткарылышын тилек кылалы.

Узап бараткан жылда бир топ ийгиликтер жаралып, олуттуу окуяларга күбө болдук.

Мына ошол жетишкендиктерге, албетте, ушул жерде отурган сыйлык ээлеринин бараандуу салымы бар деп эсептейм.

“Эл ичи – өнөр кенчи” деп айтылган накыл кептегидей, эл арасынан эмне деген гана таланттуу адамдар чыкпайт. Аларды байкабай коюуга, же жараткан эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү иш-чарада олтурган жарандарыбыз, дал ошондой көптүн ичинен суурулуп, эмгеги менен элге таанылып, тигил же бул тармактын ишин алга жылдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар экенине эч шегим жок. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарга арзып отурган бүгүнкү сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз жашап жаткан дүйнө күн сайын өзгөрүп жатат. Мындай ыкчам өзгөрүүлөр бүткүл адамзатка жаңы талаптарын коюуда. Албетте, дүйнө коомчулугунун бир бөлүгү болгон Кыргызстан дагы мындай олку-солку заманды башынан кечирип келет. Мына ушундай жагдайга биз ыкчам ыңгайлашып, жаңы шарттарды кабыл алып, ошону менен бирге алган багытыбыздан жазбай, өнүгүү жолунан тайбай, алдыга умтулуунун аракетин көрүп келебиз. Баары барып каражатка такалган учурда биз элдин төлөгөн салыгы менен бажы алымдарын суук колдорго тийгизбей, туура, так жүргүзүлгөн фискалдык-экономикалык саясатыбыздын натыйжасында ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллионго жетти. Ыкчам иш-аракеттерибиздин акыбети кайтып, мамлекетте өсүү темпи жогорулады.

Өзгөчө кырдаал болобу, тез жардам болобу же коргонуу күчтөрүбү, же айыл чарбасыбы, айтор, бир катар тармактардын эң башкы муктаждыгы болгон тиешелүү техникалар менен камсыз кылып жатабыз.

Өткөн жылда өзүңүздөр билесиздер, орун алган куралдуу кагылыштардан кийинки Баткен жергебизди калыбына келтирүүгө берген убадабызды аткарып, социалдык объектилер менен турак жайларды бардык шарттары менен кошо куруп бердик. Андан сырткары, бир катар шаарлардын инфратүзүмүнө өзгөчө көңүл бурулуп, парктар, жолдор, эс алуучу жайлар, таза суу ж.б курулуштар аяктап жатат.

Үстүбүздөгү жылы маданият жана спорт тармактарын четте калтырган жокпуз. Китепканалар, кинотеатрлар, стадиондор оңдолуп, эл аралык футбол академияларынын филиалдары ачыла баштады.

Бул иш-аракеттерибиздин баары Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн шарттай турган тармактардын материалдык-базасын жакшыртууга багытталууда.

Эми ошол тармактардын өнүгүшүнө өмүрүн арнап, башы менен жер казып иштеп келе жаткан эмгекчил инсандарга канааттануу менен токтоло кетейин. Себеби, “атын атаса куту сүйүнөт” эмеспи.

Бул ирет III даражадагы “Манас” ордени менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков сыйланды. Бул эки ысым кыргыз коомчулугуна кеңири белгилүү жана өтөгөн эмгектери да элге маалым.

“Даңк” ордени менен сыйланган Тентимиш Мураталиев агайыбыз жарым кылымга барабар өмүрүн педагогикалык ишмердүүлүккө арнап, дүйнөлүк классиктердин 20дан ашуун чыгармаларын аткарып, алар кыргыз радио-телекөрсөтүүсүнүн алтын казынасынан орун алган.

Дал ушундай сыйлыкка татыган Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду Башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков да арабызда олтурат. Анын жетекчилиги астында Фонддун ишмердүүлүгү тарыхый максимумга жетти деп айтууга толук негиз бар. Ага өнөр жай, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана башка тармактар боюнча каржыланып жаткан ири долбоорлор күбө.

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам белгилүү киноактер Догдурбек Кыдыралиев менен биздин улуттук филармониянын К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаевага ыйгарылса, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жогорку категориядагы опера солисти Сталбек Жунушалиев татыды. Бул наамга татыган башка жарандарыбыздын да иши элдин назарында.

Сыйлык алгандардын арасында ардактуу эс алуудагы Бүкөн Султанбекова деген апабыз отурат. Бул киши “Даңк” медалы менен сыйланууда. 90го таяп калган бул апа өзү иштеген мектептен мыкты окуучуларды өлкө ичиндеги, өлкө сыртындагы олимпиадаларга даярдап чыгарган. Эң кызыгы Бүкөн апанын атасы 1937-жылдагы каргашалуу репрессиянын курмандыгы болгон Султанбек Моңолбаев экен. Журт аталары тууралуу олуттуу маалыматтарды берген Бүкөн апабызга ыраазычылык билдиребиз.

“Даңк” медалы менен сыйлангандардын катарындагы "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун автогрейдер машинисти, жети облуста жол куруу боюнча көлөмдөгү иштерди аткарып, ийгиликтерге жетишкен Бактыяр Нурматовдун, Кыргызгеология мамлекеттик ишканасынын геофизика башкармалыгынын отряд башчысы, өлкөнүн жер алдындагы сууларын изилдөөдө заманбап ыкмаларды киргизүүгө жигердүү катышкан Александр Харламовдун эмгегин да белгилеп өтүүгө арзыйт.

Саламаттык сактоо жаатында өзүнүн кесибин мыкты билүү менен бирге, мекеменин уюштуруучулук иштерин жөнгө салган мекендештерибиз арбын. Мына ошондой кесипкөй, уюштургуч жөндөмү күчтүү жарандардын катарындагы Ак-Талаа районунун жалпы дарыгердик практика борборунун көз врачы Букен Турдубекова, Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун кеңеш берүү бөлүмүнүн дарыгер травматологу Абдукарим Эгемкулов “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамына ээ болушту.

Өлкөнүн өнүгүүсү кайсы мезгил болбосун, билимдүү жаштарга көз каранды. Мугалимдик кесипти аркалап, билим берүүдө алдыңкы жаңы методдорду жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды иштеп чыккан Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин биология мугалими Фарида Дооранова менен Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектептин башталгыч класстар боюнча директорунун орун басары Гүлнара Кайдылдаева “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы менен сыйланган жарандарыбыздан.

Урматтуу сыйлык ээлери!

Бүгүнкү салтанаттуу жыйыныбызда араңыздарда маданият, илим, мамлекеттик кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт, коргоо-коопсуздук жана башка тармактарыбызга эмгек сиңирип, сыйлык алып жаткан атуулдарыбыз отурат. Алардын баарынын аттарын атап, тизмелөөгө убактыбыз туура келчүдөй эмес. Ошондуктан аттары аталбаган сыйлык ээлери, ысымдарыңыздар аталбай калса, туура кабыл алууңуздарды өтүнөм.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө биз өнүккөн өлкөлөр кылымдар бою баскан жолду кыска мезгил аралыгында басып өтүүгө тийишпиз. Ошондуктан азыр коомдук-саясий мааниге ээ маселелерди чечүүгө жапа тырмак киришип, ар бирибиз өз тармактарыбыздын ишин жылдырууга салым кошуубуз зарыл.

Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор.

Алдыбызда мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, агартуу системасын өркүндөтүү, маданият менен адабиятты өөрчүтүү, эл биримдигин чыңдоо, калк саламаттыгын чыңдоо, аталардан калган нарк-насилди жайылтуу сындуу олуттуу милдеттер турат.

Бул милдеттердин өтөөсүнө чыгууда Сиздер мындан ары дагы өз салымыңыздарды кошосуздар деп бекем ишенем!

Урматтуу эл сыймыктары, сиздерди бүгүнкү алган сыйлыгыңар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, жарык маанай каалайм. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган ишмердигиңиздер арта берсин!

Таман акы, маңдай тер менен жараткан ийгиликтериңер аркылуу жеткен сыйлыгыӊыздар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий