• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратура органдары шайлоону даярдоодо мыйзамдардын бузулушу тууралуу 19 кайрылууну карады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Прокуратура органдары тарабынан шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү жана референдумга байланышкан укук бузууларды алдын алуу боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

“КРнын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” КР мыйзамын жана КР президентинин “КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ушул жылдын 11-апрелинде өтө турган шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча прокуратура органдары тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө, шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу прокуратура органдарына жарандардан, жергиликтүү кеңештердин талапкерлеринен, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү, айрым талапкерлердин документтерин фальсификациялоо жана башка маселелер боюнча жалпы 19 кайрылуу түшкөн. Алар кылдаттык менен каралып, камтылган маселелер башка органдардын компетенциясына тийиштүү болгон учурларда караштуулугуна ылайык жөнөтүлүүдө.

Прокуратура органдары тарабынан Баткен облусундагы шайлоо тилкелеринде мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча, Нарын шаарындагы Мамэкотехинспекциясынын, бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы салык кызматынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, эмгек жана социалдык өнүгүүнү башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызмат адамдары өз кызматтарын убактылуу токтотпой шайлоого талапкерлигин койгондугу боюнча мыйзам бузуучулуктарды четтетүү тууралуу 12 прокурордук акт келтирилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган.

Ошону менен бирге, шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү массалык маалымат каражаттары жана интернет тармактары аркылуу жарыялангандыктан, аталган маалымат булактарында мониторинг жүргүзүлүүдө.

Алсак, Жалал-Абад облустук прокуратурасы Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө саясий партиялардын бири жашоочуларга азык-түлүктөрдү таркатуу фактысы 192-берененин (добуш сатып алуу) негизинде КЖБРге каттап, сотко чейинки өндүрүш иши УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.

Ошондой эле, Талас шаарынын Жетиген районунда талапкерлер шайлоочунун короосуна кум-шагылды өткөрүп бергендиги жөнүндө С.К. аттуу жаран “Фейсбук” социалдык тармагына жарыялаган макаласы боюнча топтолгон материалдар 192-беренесинин (добуш сатып алуу) негизинде КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча КЖБРге 55 материал, анын ичинен 33 кылмыштын белгилери менен, ал эми 22 жоруктар боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштердин тергөөсүн аягына чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Мындан сырткары, прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата чара көрүү боюнча Ички иштер министрлигинин ыкчым штабдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтордун алкагында иш алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий