• 88.68
  • 95
  • 0.95

Республика боюнча 65 санитардык-карантиндик пост уюшулган - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча 65 санитардык-карантиндик пост уюшулган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 16, Талас облусунда 6, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 7, Ош облусунда 9, Жалал-Абад облусунда 3 жана Баткен облусунда 10 пост иштеп жатат.

"23 постто куралдуу күчтөр нөөмөттө турат. Алар Бишкекте 16, Ош шаарында 7 постто кызмат өтөөдө", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий