• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РКӨФ Таластагы "Бала-Саруу" ГЭСинин курулушуна $10 млн бөлөт. Документке кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Талас облусундагы Киров суу сактагычында курулуп жаткан "Бала-Саруу" ГЭСинин курулушун аягына чыгаруу үчүн 10 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу агенттикке "Чакан ГЭС" ААКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн тиешелүү документке "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Нурлан Садыков менен РКӨФнын төрагасы Артем Новиков кол койгон.

Ошондой эле иш-чарага энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана башка чакырылган коноктор катышты.

Нурлан Садыков келген конокторго жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып берип, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ал эми, энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев "Бала-Саруу" ГЭСинин курулушу жана өз маалында ишке берилиши энергетика тармагы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Муну менен бирге, иш-чаранын катышуучулары "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырып жаткан негизги подрядчиги - “Интегра Инжиниринг групп” ЖЧКнын базасына барып, басым түтүкчөлөрүнүн тетиктерин жасалышын жана жаны ГЭСке келген жабдууларды өз көзү менен көрө алышты.

Эскерте кетсек, "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоору 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт саат электр энергиясын чыгарган станцияны курууну камтыйт.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында жогорку чыңалуудагы “Покровка”, “Кара-Арча” 110 кВ аба электр чубалгылары курулуп, 31 анкер, темирбетон тирөөчтөрү орнотулуп, жогорку чыңалуудагы эки көмөкчордон реконструкцияланат.

ГЭСтин аягына чыгаруу максатында "Чакан ГЭС" ААК Россия-Кыргыз өнүгүү фондуна 10 млн АКШ доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий