• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия берген өрт өчүрүүчү унаалар атайын КР ӨКМ үчүн жасалган – Куренков

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Россия тарабынан берилген өрт өчүрүүчү унаалар атайын КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчун жасалган. Бул тууралуу РФ жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков техникаларды тапшрыуу аземинде билдирди..

Анын айтымында, атап айтканда, россиялык өндүрүүчү өрт өчүрүүчү станциялардын типтүү өлчөмдөрүнө, автокөпүрөлөрдүн бийиктигине, ошондой эле эксплуатациялоо шарттарына жана тейлөө мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген кыргызстандык кесиптештеринин каалоолорун эске алган.

"Биздин өрт өчүрүүчү унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү татаал климаттык шарттарда өрттү натыйжалуу өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Алар мегаполистердин шартында, айыл жергесинде жана тоолуу аймактарда өтө зарыл", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий