• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда өспүрүм кыздын өлтүрүлүшү. Айыпталуучулардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктоо жана өлтүрүү иши боюнча сот өкүмү чыкты.

“Кабар” агенттигине Баткен облустук сотунан билдиришкендей, Кадамжай райондук соту Б. уулу Э. жана Г. Д. И. аттуу эки айыпталуучуга өкүм чыгарды.

Б у Э.га карата сот өкүмү 7-февралда чыккан. Сот аны 122-беренесинин 2-бөлүгү, 154-беренесинин 2-бөлүгү, 155-беренесинин 2-бөлүгү, 165-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде 10 жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле 28-февралда экинчи айыпталуучу Г. Д. И.га карата өкүм чыгарылды. Ал 165-беренесинин 2-бөлүгү, 154-беренесинин 3-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгү, 122-беренесинин 2-бөлүгү, 180-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде мүлкүн конфискациялоо менен өмүр боюна эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, буга чейин СИЗОдо бул ишке тиешеси бар деп шектелген эки адам өз жанын кыйган.

Пикир

Оставить комментарий